Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Штаб: Ирандагы айдоочулар Кыргызстанга келе жатышат


Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.
Иранда калган кыргызстандык айдоочулар.

Республикалык штаб Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянып, Ирандын аймагында калып калган айдоочулардын маселеси чечилип, алар мекенине кайтып келатканын маалымдады.

Штабдын маалыматы боюнча, учурда 60 айдоочунун 21и Орусияда турушат. Алар орус-казак чек арасындагы “Караозек” көзөмөл-өткөрмө бекетине багыт алышты. Ал эми 10 жүк ташуучу машине Азербайжан-Орусия чек арасындагы “Самур” көзөмөл-өткөрмө бекетинен өтүү үчүн кезекте турушат. 25 жүк ташуучу автоунаа Казакстан аркылуу Кыргызстанга келатат. Бир айдоочу Казакстандын жараны болгондуктан орус-казак чек арасында карантинге алынды.

Тышкы иштер министрлиги айдоочулардын маселеси көзөмөлдө экенин, алар менен байланышта турганын маалымдады.

Иран-Түркмөнстан чек арасында коронавируска байланыштуу карантинде камалып калган кыргыз айдоочулары алып кетүүнү суранып, президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган. Бул айдоочулардын баары Кыргызстанга кайтканда обсервацияга алынары кабарланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG