22-мартта Орусиянын бир катар аймактарында президент Владимир Путин сунуштаган контитуциялык түзөтүүлөргө каршы митингдер өттү. “Азаттыктын” орус кызматы билдиргендей, Красноярск шаарындагы акцияга 200дөй адам чогулду. Калининградда активисттер бир-бирден кезектешип Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы плакаттарды көтөрүп турушту.
Ушундай эле акциялар Ростов-на-Дону, Чита сыяктуу бир нече шаарда уюштурулду. Новосибирск шаарында 40тай адам чогулуп, бийликтен саясий туткундарды бошотууну талап кылышты. Москва жана Санкт-Петербург сыяктуу бир нече ири шаарда COVID-19 вирусунан улам эл көп катышкан иш-чараларга тыюу салынган.
Президент Путин өткөн аптадагы буйругу менен Конституциялык түзөтүүлөр боюнча бүткүл орусиялык добуш берүүнү 22-апрелге белгилеген. Бирок Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эгер Орусияда коронавируска байланыштуу кырдаал курчуй турган болсо, добуш берүү кийинкиге жылдырылышы мүмкүндүгүн айткан.
Конституциялык өзгөртүүлөр Орусияны президент жана премьер-министр катары 20 жылдан бери башкарып келе жаткан Путинге 2036-жылга чейин президент болуп шайланууга жол ачат. Өткөн аптада жүздөгөн окумуштуу, журналисттер жана укук коргоочулар Орусияда «Конституциялык кризис жана конституциялык эмес төңкөрүш» коркунучу пайда болгонун айтып чыгышкан.