Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Ысык-Көл облусуна кирип-чыгууга чектөө киргизилди (видео)


Өлкө аймагында өзгөчө кырдаалга байланыштуу облустук штабдын чечими менен Ысык-Көлгө жарандардын жана автоунаалардын каттамына чектөө киргизилди. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.

Район, шаар аралык зарыл эмес каттамдарга да убактылуу чектөө коюлду. Өзгөчө кырдаал учурунда ооруканалар, дарыканалар, азык-түлүк сатуучу жайлар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик мекемелер кадимки тартипте иштейт.

Учурда Ысык-Көл облусунун аймагынын кире беришинде күнү-түнү иштей турган эки санитардык-карантиндик көзөмөл посту орнотулду. Анда дарыгерлер, милиция, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү нөөмөттө турушат.

Кыргызстанда 22-марттан тарта коронавирусту жайылтпоо максатында өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бул режим бир айга созулат. Анын алкагында бир катар чектөөлөр киргизилери айтылган. (TSh)

Балыкчыда ар бир жүргүнчү текшерилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:11 0:00

XS
SM
MD
LG