Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:16

Өкмөт: Үйдөн чыга албай калган майыптарга жана муктаждарга жардам берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска байланыштуу өлкөдө түзүлгөн абалдан улам өкмөт үйдөн чыга албай калган майыптарга жана социалдык жактан алсыз үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн жолдорун караштырып жатат. Бул тууралуу 23-мартта биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов өткөргөн республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

Онлайн режимде өткөрүлгөн жыйынга Ысык-Көл, Жалал-Абад, Нарын, Талас, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр жана Ош шаарынын мэри катышты.

Боронов өлкөдө карантин жарыяланып, адамдардын шаар, район жана өлкө боюнча жүрүшүн чектеш үчүн өзгөчө кырдаал киргизилгенин, бул чара вирустун жайылышына жол бербөөгө шарт түзөрүн айтты.

Ал адамдардын кыймылын көзөмөлдөш үчүн өлкөнүн бардык облустарында санитардык-карантиндик посттор орнотулганын белгиледи. Үй карантинге алынганына карабастан тышка чыккандар мыйзам чегинде жоопко тартыларын кошумчалады.

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаӊы учурлар катталган жок. COVID-19 вирусу менен ооруган адамдардын саны 14 киши боюнча турат. Алар - 6 эркек, 8 аял. Булар менен карым-катнашта болгон 2628 адам табылып, үй карантинге алынды. Ооруп жаткан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип, реанимацияга түшкөнү маалым болду.

Кыргыз өкмөтү 22-марттан тартып өлкө аймагында бир айга өзгөчө кырдаал киргизди.

Бишкекте жана Ошто кичи автобустар токтоп, троллейбус жана чоң автобустар гана иштеп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG