Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:47

Кой-Таш окуясы боюнча сот башталды


Биринчи май райондук соту.
Биринчи май райондук соту.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот башталды. Жараянга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү да катышып жатканын анын тарапкерлери билдиришти.

Ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон. Башкы прокуратура ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.

Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган. (RK)

XS
SM
MD
LG