Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Кипрден келип, денеси ысып жаткан кыргызстандык ооруканага жаткырылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө жакында Кипрден келген 29 жаштагы тургундун денеси ысып, обсервацияга жаткырылды. Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады. Мекеменин маалыматына караганда, анын абалы туруктуу, анализдери алынды, жыйынтыгы азырынча чыга элек.

Ысык-Көл районунун Абдрахманов айылынын тургуну 17-мартта Кипрден Бишкекке учуп келген. Борбордо эки күн жүрүп, айылына келген. Медицина кызматкерлери анын дене табын текшергенде 37,2 болгон. Ошондуктан ал Чолпон-Ата аймактык ооруканасына обсервацияга 23-мартка караган түнү алынган. Ата-энеси үй карантинине алынды.

Жалпысынан Ысык-Көл облусу боюнча район, шаардык ооруканаларда учурда 42 адам обсервацияда жатат. Обочолонгон жайда карантинге алынгандардын 18и Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер, 16сы башка аймакта дааватта жүрүп келгендер жана сегизи чет жактан эмгек миграциясынан кайтып келген мигранттар.

Облустук Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун координатору Мирбек Сагынбаев "Азаттык" радиосуна билдиргендей, көзөмөл иштери уланууда:

"Учурда Ысык-Көл облустук бириккен ооруканада 13 адам, Тоң районунда 16, Жети-Өгүздө жети, Түптө эки, Ак-Сууда үч, Чолпон-Ата шаарында бир жаран обсервацияга жаткырылса, 130 адам үй карантинине алынды».

23-мартта саат 09:00гө карата Кыргызстанда адамдар коронавируска чалдыккан жаӊы учур катталган жок. COVID-19 менен ооруган адамдардын саны 14. Алардын алтоо эркек, сегизи аял. Ооруп жаткан 71 жаштагы бейтаптын оң жак өпкөсү сезгенип, реанимацияга түшкөнү маалым болду. (KS)

XS
SM
MD
LG