Бүгүн, 23-мартта Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму түштөн кийин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүн начар сезгендиктен улантылбай, башка күнгө которулду.
Жактоочулардын айтымында, Атамбаевдин кан басымы кескин төмөндөп кетти жана муну тергөө абагынын дарыгери да тастыктады.
Адвокат Замир Жоошев «Азаттыкка» билдиргендей, бүгүнкү отурумда жактоочулар сотко ишенбестик көрсөтүштү, бирок сот бул өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты.
«Сот буга чейин мыйзам талаптарын бузуу жолу менен сотту жабык өткөрүү тууралуу чечим чыгарган. Ошондуктан дагы бир жолу ишенбестик жарыяладык», - деди ал.
Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту судья Марат Сыдыковдун төрагалыгы менен карап жатат.
Ишти Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тергеп, Атамбаев баштаган 14 адамга айып койгон. Башкы прокуратура ишти изилдеп чыгып, айыптоо актысынын негизинде Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өткөрүп берген.
Кой-Таш окуясына айыптуу деген дагы беш адамдын иши өзүнчө тергелип жатат, себеби алар тергөө менен кызматташууга макул болушкан.
2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана ИИМ Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.
Сот жабык өтөрү тууралуу чечим 6-марттагы алгачкы отурумда кабыл алынган.
Кийинки отурум 30-мартка пландалды. (RK)