Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

ӨКМ: Жаан жана кар жаап, түнкүсүн үшүк жүрөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-26-мартта Кыргызстандын аймагында аба ырайы туруксуз болот.

Синоптиктердин маалыматына караганда, 25-мартта Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт. 26-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Кээ бир райондордо шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт.

25-27-мартта түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2° үшүк, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында -1…-3° үшүк жүрөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте байлачу сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

23-27-мартта жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-255 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 67-107 чакырымдарында, Ала-Бука - Каныш-Кыя автоунаа жолунун 71-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка - Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 67-93 чакырымында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп, муз тоңот. Машинелердин ортосундагы аралык 500 метр менен чектелиши зарыл.

XS
SM
MD
LG