Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:07

Аксыда коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дарыгердин иши иликтенип жатат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аксы райондук аймактык ооруканасынын медайымы коронавирус боюнча жалган маалымат таратканы аныкталып, окуяны милиция териштирип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, дарыгер жаңылыштыктын айынан туура эмес маалымат таратып алганын моюнга алып, коомчулуктан кечирим сурады.

«Мен бизге келген бейтап боюнча туура эмес түшүнүп, кошуналарыма такталбаган маалымат жөнөтүп алыпмын. Ал бейтап карантинге алынып, анализи толук чыга элек тургун экен» деп айтылат дарыгердин кайрылуусунда.

Буга чейин «WatsApp» аркылуу «Аксыда чет өлкөдөн келген адамдан коронавирус илдети табылып, ооруканага түштү» деген аудио тараган.

Учурда бул факты боюнча дарыгердин аракетине юридикалык баа берүү максатында тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 22-мартта да «Жалал-Абадда дарыгерлер иштен жапырт бошоп жатат» деген ушакты тараткан адамды кармаган. 38 жаштагы Кубанычбек Шаимкулов аттуу адам социалдык тармактарда «Жалал-Абад шаардык ооруканасында коронавирус жуккан адамдар жапырт качып кеткени жана дарыгерлер иштен бошоп жатканы тууралуу» жалган маалыматты таратканы аныкталган. Ага Жазык кодексинин 344-беренеси боюнча иш козголду. УКМКнын маалыматына караганда, кармалган адам күнөөсүн моюнуна алып, элден кечирим сураган. (RsK)

XS
SM
MD
LG