Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 17:09

ӨКМ: чет өлкөдөн келген жарандарды жайгаштырган интернатта кемчиликтер болгон


Замирбек Аскаров Бишкек шаарындагы № 1 интернатында.

23-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров чет өлкөдөн келген жарандарды жайгаштырып жаткан Бишкек шаарындагы №1 интернаттагы шарттарды текшерип барган учурда бир топ кемчиликтер бар экени аныкталган. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, аталган жайдагы таштандылар чыгарылып, муздаткыч, гигиеналык каражаттар менен камсыздалды. Интернатта канча киши жаткырылганы айтылган жок. Буга чейин социалдык тармактарда чет өлкөдөн келген кыргызстандыктар шарты жок имараттарда жашап жатканы тууралуу кабарлар тараган.

Соңку эки күн ичинде Кыргызстан чет мамлекеттерге эс алганы кетип, кайта албай жаткан 137 жаранын алып келди. 22-23-мартта Кыргызстандын Туроператорлор ассоциациясы казак тараптын жардамы менен Шарм-Эл-Шейх (Египет) шаарынан 126 жана Баңкоктон (Таиланд) 11 туристти алып келди.

Казакстандын Алматы эл аралык аэропортуна учуп келген кыргызстандыктар атайын транспорт менен дарыгерлердин коштоосунда Бишкекке жеткирилди. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG