Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Чиркөөлөрдө коомдук сыйынуу жөрөлгөлөрү убактылуу токтоду


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын православ чиркөөлөрүндө коомдук сыйынуу жөрөлгөлөрү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу епископ Даниил 24-мартта коронавирус коркунучуна байланыштуу кайрылуусунда айтты.

Ал чиркөөлөр жабылбай турганын, каалоочулар барып, чырак жагып, сыйынып кетсе болорун, бирок көп адам чогулуучу жөрөлгөлөр азырынча өткөрүлбөй турганын билдирди.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу жума намазын мечиттерде окуу 17-мартта убактылуу токтотулган.

Муфтий дүйнөдөгү мусулман мамлекеттердин диний фатваларын эске алуу менен коронавирус оорусу эл көп чогулган жерде таркоо коркунучу болгондуктан жума намазынын ордуна бешим намазы үйлөрдө окулсун деп чечим кылган. Мечиттер жабылбай турганы, намаз убактысын билдирүүчү азан айтылып турары, беш убак намаз үйдө окулары айтылган. Дааватка да убактылуу чектөө киргизилген.

18-23-мартта Кыргызстанда коронавирус 16 кишиден табылды, алардын бири реанимацияда.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2,6 миңден ашуун мечит бар. Жалпысынан өлкөдө 3,2 миң диний уюм каттоодон өткөн. Христиан багытындагылардын саны 399. (RK)

XS
SM
MD
LG