Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 10:45

Өзгөчө абал: Дүкөндөр, дарыканалар, банктар ишин кадимкидей улантат


Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө абал учурунда азык-түлүк сатылуучу дүкөндөр, дарыканалар, банктар жана тиричилик кызматтары иштей берет. Бул тууралуу 24-мартта ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, коменданттык саат убагында адамдардын жана автоунаанын кыймылы толук токтошу керек болот. Милиция жана медицина кызматкерлерине гана чектөө коюлбайт.

24-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндөгү жарлыктарга кол койду.

Буга байланыштуу аталган аймактарда кечки саат сегизден эртең мененки жетиге чейин коменданттык саат күчүндө болот.

Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 26 адам катталды, ошону менен жалпысынан 24-мартка карата бул илдетке чалдыккандардын саны өлкөдө 42 кишиге жетти. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG