Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Кытай бийлиги Хубэй провинциясын карантинден чыгарат


Хубэй провинциясы.
Хубэй провинциясы.

Кытай бийлиги 25-марттан тартып Хубэй провинциясы карантинден толук чыгарыларын билдирди. Эми аталган провинцияда жашаган, дарыгерлер кандайдыр бир тыюу салбаган жарандар башка аймактарга бара алышат.

Ал эми Хубэй провинциясындагы коронавирус алгачкы ирет катталган Ухань шаарында карантин 8-апрелде жоюлат. Аймактагы окуу жайлар жагдай толук жөнгө салынмайынча ачылбайт.

Кытайдын борбору Бээжинде тескерисинче 25-марттан тартып чектөө чаралары күчөтүлүп жатат. Ага ылайык, шаарга сырттан келгендердин баары милдеттүү түрдө эки жумалык карантинде болушат жана алардан тест алынат.

Өпкөнү сезгенткен жаңы вирус Кытайда өткөн жылдын аягында чыккан. Өлкөдө бул оору 81 миңден ашык адамга жукту. Коронавирус үч миңден ашык кишинин өмүрүн алды.

Ушул айдан тартып Европа, анын ичинде Италия оорунун очогуна айланды. Италияда коронавирус 64 миңге жакын адамдан аныкталды жана алты миңден ашык адам ажал тапты.

XS
SM
MD
LG