Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:34

Жогорку Кеңеш президенттин өзгөчө абал тууралуу жарлыктарын толук колдоду


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңеш президенттин коронавируска байланыштуу айрым аймактарга өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлыктарын бекитүүнү толук колдоду. Мындай чечим парламенттин 24-марттагы кезексиз жыйынында кабыл алынды.

Мындан тышкары, депутаттар өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавируска каршы түшүндүрүү жүргүзүү мөөнөтүн 15-апрелге чейин узартып алышты. Буга чейин 27-мартка чейин жыйынга чогулбай, аймактарда иштөө чечимин кабыл алышкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө жарлыктарга 24-мартта кол койду.

Өзгөчө абал 25-мартта саат 8:00дөн тартып 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилмей болду. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Ал аймактарда саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот жана аскерлер киргизилет. Бул убакта адамдардын жана транспорттун кыймылы толук токтойт. Эрежени бузгандарды милиция кармап кетет, зарыл болсо үч күнгө камайт.

24-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 42ге жетти. Алардын эң кичүүсү бир жашка толо элек, эң улуусу 86да. (RK)

XS
SM
MD
LG