Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:38

Түркмөнстан: ары-бери каттагандардан медициналык маалымдама талап кылынат


Түркмөнстанда өкмөттүн гана автобустары каттап калды.
Түркмөнстанда өкмөттүн гана автобустары каттап калды.

Түркмөнстанда бийлик бир аймактан экинчи аймакка каттаган жарандарды коронавирус жугузуп албаганын ырастаган маалымдама көрсөтүп турууга милдеттендирди. «Азаттыктын» түркмөн кызматы буга байланыштуу ооруканаларда узун кезек пайда болгонун маалымдады.

Ушул тушта мындай медициналык маалымдама ар кайсы аймакта ар кандай мөөнөттө, 15 мүнөттөн алты саатка чейинки убакыт берилип жатат.

Өлкөдө 20-марттан тартып аймактар арасындагы каттамга чектөө киргизилген жана өкмөттүн гана автобустары жүрүп калды. Ошондой эле өтө зарыл иши барлар гана атайын уруксат кагаз менен ары-бери каттап жаткан.

Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов өз элин вируска каршы адырашманды колдонууга чакырган. Ал 13-мартта мамлекеттин өнүгүшүнө арналган жыйында бул чөп «түркмөн ата-бабалар миңдеген жылдар бою колдонуп келген, жаман адаттарга жана ар кандай жугуштуу ооруларга каршы даба болору далилденген» деп айткан.

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Бердымухаммедовдун мындай сунушунан кийин мамлекеттик мекемелерде, мектептерде күнүнө кеминде эки жолу адырашман менен ысырыктоо жапырт башталганын жазган.

Түркмөн бийлиги өпкөнү сезгенткен ооруга чалдыккандар тууралуу расмий кабарлай элек. Бирок «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашхабадда жугуштуу илдетке чалдыккан бейтаптар жаткан ооруканадагы ишенимдүү булактарына таянып, кеминде эки адамдан ушундай илдет аныкталганын билдирген.

XS
SM
MD
LG