Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

ИИМ: Коменданттык саат эрежесин бузгандарды милиция кармап кетет


Ноокат району. Иллюстрациялык сүрөт.
Ноокат району. Иллюстрациялык сүрөт.

Милиция коронавируска байланыштуу өзгөчө абал киргизилген аймактарда түнкүсүн коменданттык саат режимин бузгандарды кармап кетет. Ал эми кармалган адамдын жанында анын ким экенин тастыктаган документи болбосо үч суткага чейин камалат.

Бул тууралуу 24-мартта ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев билдирди:

«Тыюу салынган учурда көчөдө жүргөн жарандарды ички иштер органдары өздүгүн жана көчөдө жүрүү себебин тактоо үчүн убактылуу кармай алат. Өздүгү аныкталбагандар үч суткага чейин камалат. Күч каражаттары жетиштүү. Коомдук тартипти, жол коопсуздугун жана элдин тынчтыгын коргоого күчүбүз жетет».

25-марттан тартып Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 24-мартта кол коюп, аны парламент толук колдоду.

Өзгөчө абал 25-мартта саат 8:00дөн тартып 15-апрель саат 8:00гө чейинки мезгил аралыгына киргизилди. Аталган шаарлар менен райондордун аймактарында комендатура түзүлдү.

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда саат кечки 8ден эртең мененки 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот. Бул убакта адамдардын жана транспорттун кыймылы толук токтойт.

Коомдук транспорт эртеӊ мененки саат 7ден кечки 7ге чейин иштейт.

22-мартта өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден бери Бишкекте жана Ошто кичи автобустар толук токтогон, троллейбус жана муниципалдык автобустар гана жүрүп жатат.

24-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын саны 42ге жетти.

Өзгөчө абал жарыяланган айыл-шаарларга аскерлер киргизилет. (RK)

XS
SM
MD
LG