Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Коронавируска чалдыккан аялдын баласынан вирус табылган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бир жашка чыга элек ымыркайдын анализи таза чыкты. Анын энеси жугуштуу илдетке чалдыкканы 24-мартта белгилүү болгон. Бул тууралуу республикалык штабдын 24-марттагы басма сөз жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди. Анын айтымында, ымыркайдан үч жолу анализ алышкан.

24-мартка карата Кыргызстанда 42 адамда COVID-19 вирусу аныкталды. Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял). Алардын арасында бир жашка толо элек эки бала бар, бирөөнөн коронавирус табылды. 14 жаштагы өспүрүмдөн да коронавирус илдети аныкталды. (TSh)

XS
SM
MD
LG