Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:53

Өзгөчө абал: Анкетанын үлгүсү жарыяланды, аны колго толтурса болот

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөт өзгөчө абал жарыяланган аймактарда жүрүүнүн эрежелери менен талаптарын түшүндүрдү. 25-мартта таратылган маалыматка ылайык, өтүүгө уруксат берүүчү документи бар милиционерлерден, медициналык жана мамлекеттик кызматкерлерден тышкары бардык жарандардын кыймылы саат 20.00 дөн 07.00 гө чейин (түнкү убакыт) чектелет. Коменданттык саат киргизилет.

Саат 07.00дөн 20.00гө чейин азык-түлүк дүкөнүнө, дарыканага, медициналык мекемеге баруучулардан тышкары калган жарандардын жүрүшү чектелет.

Эгер чыга турган болсо жанында ким экенин тастыктаган күбөлүк жана толтурулган анкета болушу керек. Анкетада төмөнкү маалыматтар болууга тийиш:

- Аты-жөнү;

- Телефон номери;

- Үйдөн чыккан себеби;;

- Чыккан убактысы;

- Кайткан убактысы;

- Жашаган жери;

- Бара турган жери.

Анкетаны колго толтурса болот.

Саат 07.00дөн 20.00гө чейин (күндүзгү убакыт) өзгөчө абал режими киргизилген аймакта каттоосу барлардын жана жашоо-тиричиликке, стратегиялык жана башка мамлекеттик объектилердин ишмердүүлүгүнө тартылган автоунаалардын жүрүшү чектелбейт.

18-24-мартта Кыргызстанда коронавирус жугуп, ооруканага түшкөндөрдүн жалпы саны 42 адам болду. 25-мартта саат 9:00га карата жаңы учурлар катталган жок.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки 8ден таңкы 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, бул убакытта адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG