Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 11-апрель, 2020 Бишкек убактысы 00:55

Түркиядан чыга албай жаткан «Шайыр апалар» Бишкекке кайтып келишти


«Шайыр апалар» сынагынын гала-концертинин катышуучулары. 2-май, 2018-жыл. Ош шаары.

«Шайыр апалар» чыгармачыл тобунун өкүлдөрү 25-мартка караган түнү Түркиядан чартердик рейс менен учуп келишти. Бул тууралуу «Азаттыкка» алардын жакындары кабарлашты.

Жалпысынан бул рейс менен 250дөй кыргызстандык мекенине жеткирилди. Баары тең обсервацияга жаткырылды.

Түркиянын Анталья шаарына эс алганы кетип, коронавируска байланыштуу чектөөлөрдөн улам кыргызстандыктар кайтып келе албай жатканы, арасында "Апалар аалам кыдырат" долбоорунун алкагында алтымыштан ашуун «Шайыр апалар» жана алар менен чогуу кеткендер да бар экени буга чейин социалдык түйүндөрдө кабарланган. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (17)

XS
SM
MD
LG