Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:30

Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы эки учур катталды (видео)


Баткендеги оорукана. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткендеги оорукана. Иллюстрациялык сүрөт.

25-март, саат 14:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан дагы эки эркек киши катталды. Алардын бири - 60 жашта, ал Испаниядан учуп келген аялды аэропорттон тосуп алган. Контактта болгон адам Испания өлкөсүнө кайра учуп кеткен. Ал боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна маалымат берилгенин Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.

COVID-19 вирусу жаңы аныкталган экинчи жаран - 35те. Ал Дубай шаарынан 20-мартта учуп келген.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирустун жаңы түрүнө чалдыккандардын жалпы саны 44 болду. Алардын ичинен Ош облусунда - 20, Жалал-Абад облусунда -19, Бишкек шаарында -3, Чүй облусунда -1, Баткен облусунда 1 киши бар.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан алгачкы эки факт катталганы 21-мартта кабарланган.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда кечки саат 8ден таңкы саат 7ге чейин коменданттык саат күчүндө болот, адамдардын жана автотранспорттун кыймылы толук токтошу керек. (RK)

XS
SM
MD
LG