Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Жээнбеков: талаптарды аткарбагандар жалпы элге кыянат кылган болот (видео)


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Президент Сооронбай Жээнбеков 25-марттан тартып өзгөчө режим киргизилгенине байланыштуу элге кайрылды. Мамлекет башчы өлкөдө жаңы коронавирусту жайылтпаш үчүн 22-мартта өзгөчө кырдаал киргизилгенин, бирок тартип сакталбаган учурлар катталганын белгиледи. Андыктан жугуштуу ооруга каршы туруш үчүн мындан да катуу чараларды колдонуу зарылдыгы келип чыкканын айтты. Президент өзгөчө абал жарандарга ыңгайсыздык жаратканы менен тартип, санитардык-гигиеналык талаптарды аткаруу коронавирус менен күрөшүүдө натыйжалуу экенине токтолду. Бүгүн "бардыгыбыз сыноодобуз" деди президент:

«Бүгүнкү чоң сыноо келген күндөрү тартипти сактоо - ар бирибиздин атуулдук милдетибиз. Өзүңдүн гана эмес, мекендештериңдин, балдарыңдын ден соолугу, өмүрү, келечеги үчүн, жалпы коомдун саламаттыгы үчүн жоопкерчилик. «Бул илдет мага келбейт, сактанбай деле койсом болот» деген кенебестикке жол берүүгө укугубуз жок. Үйдөн чыкпай, гигиеналык эрежелерди бекем сактап, жолугушууларды токтотуу зарыл. Чет өлкөдөн келгендер, обсервацияда же дарыланууда болсоңор, өзүм билемдик менен ал жерди таштап кетүүгө тыюу салынат. Илдетке чалдыккандар менен байланышта болгондор, издетпей, телефон аркылуу өзүңөр кабар бергиле. Үйдөгү карантин эрежесин да бекем сактаңыздар. Ким бул талаптарды аткарбаса өзүнө гана эмес, жалпы элге кыянаттык кылган болот. Мындай жоопкерсиздикке каршы катуу жаза колдонулат», - деди президент кайрылуусунда.

Жээнбеков элди биримдикке чакырып, кырдаалды жөнгө салууга аракет кылып жаткан бардык тармактын кызматкерлерине, алардын ичинен дарыгерлерге ыраазычылык билдирди. Мамлекет башчы алгачкы күндөрү медициналык кызматкерлердин ишин камсыздоодо кеткен кемчиликтерден кабары болгон.

Ошондой эле президенттин кайрылуусунда өлкөдөгү экономикалык абал, ишкерлер боюнча да иштер жүрүп жатканын айтылды. Ал саясий, мамлекеттик ишмерлерди, массалык маалымат каражаттарын, жарандык активисттерди сөзгө абдан аяр мамиле кылууга, жалган маалыматтарды таратпоого чакырды.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. 25-мартта өлкө боюнча COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болду. Алардын 20сы Ош облусунда, 19у Жалал-Абад облусунда, үчөө Бишкек шаарында, бирөө Чүй облусунда, дагы бирөө Баткен облусунда катталды.

XS
SM
MD
LG