Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 20:27

Комендант: шаарда каттоосу жоктор жашаган жеринен маалымдама алыш керек


Бишкекте каттоодо турбаган жарандар шаарда жашап жаткан жеринен маалымдама алышы керек. Башкача айтканда убактылуу жашагандыгы тууралуу документ зарыл. Бул тууралуу баш калаанын коменданты, ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдирди.

«Бишкек шаарында каттоодон өтпөгөн адамдар азыркы жашап жаткан жеринен жашагандыгы тууралуу маалымат кагазын алууга тийиш. Ошондой эле, иштеп жаткандар иштеген жеринен маалымат кагаз алышы керек», - деди Орозалиев.

Ошондой эле шаардын сыртында жашагандар Бишкектеги ишине келүүгө посттон өтүш үчүн иштегендиги тууралуу маалымат кагазы керек. Республикалык штаб буга чейин ал документтин шаблонун тараткан.

Бишкек шаарында жалпысынан 41 блок-пост коюлган. Өзгөчө абал режими киргизилген аймакка жергиликтүү каттоосу жок жарандардан башкалардын киришине тыюу салынган. Коменданттык саат 20:00дөн тартып эртең мененки саат 07:00гө чейин уланат. Маршруттук баракчаны кагаз бетине кол менен толтурса болот. Ошондой эле коменданттык сааттан сырткары учурда тамак жеткирүү кызматын көрсөткөндөргө, улгайган ата-энелерине азык-түлүк жеткире тургандарга уруксат берилди.

Такси жана коомдук транспорттун иши толугу менен токтотулду, эгер эреже бузулса, алардын жетекчилерине карата тийиштүү чара көрүлөт.

Банктар жана алардын филиалдары да күндүзгү убакта, кардарларды кабыл алуу жана тейлөө боюнча иштелип чыккан убакыт регламентине ылайык иштешет.

Санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди бузуу үчүн 1000 сом өлчөмүндө административдик айып каралган.

Өзгөчө абал режими тууралуу бардык суроолор боюнча 66 06 16; 66 07 10; 66 21 34; 66 02 48 номерлери боюнча кайрылсаӊыз болот. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG