Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 1-апрель, 2020 Бишкек убактысы 13:18

Штаб: «Эки дарыгерге коронавирус жукту» деген маалымат жалган


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда эки дарыгер менен медайымга коронавирус жукту деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу 26-мартта Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Ошондой эле «бул оорудан эки адам каза болду» деген маалымат да калп экени кабарланды.

26-марттын саат эртең мененки 9уна карата Кыргызстанда коронавирус жуккандардын жалпы саны 44 киши. Алардын алтоо реанимацияда жатат.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG