Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

Коронавирус жугушу мүмкүн деген 122 адамдын анализи таза чыкса коё берилет

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус жуккан болушу ыктымал деп жаткырылгандардын арасынан 34 адам канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу 26-мартта Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Мындан тышкары, денеси ысып, коронавирустун белгилери байкалгандыктан ооруканага шектүү катары жаткырылган 122 адамдан 2-3 жолу лабораториялык анализ алынды. Анализи таза чыкса, өзүн жакшы сезсе, үй карантинине чыгарылат.

Ал эми оору тастыкталгандардын саны 26-март саат 9га карата 44 адам. Алардын алтоо реанимацияда.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. (RK)

XS
SM
MD
LG