Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:36

Кыргызстан коронавируска каршы күрөшүү үчүн ЭВФтен жардам сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков Эл аралык Валюта Фондунан (ЭВФ) коронавирусту жайылтпаш үчүн Кыргызстанга каржылык колдоо көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу президент Жээнбеков ЭВФтин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Тигран Погосян менен жолугушууда билдирген.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда коронавирустун Кыргызстандын экономикасына тийгизчү коркунучу жана аны алдын алыш үчүн финансылык жардам маселеси боюнча сөз болгон.

ЭВФтин өкүлү Тигран Погосян учурда чукул жардам көрсөтүүнүн ар кандай варианттары каралып жатканын билдирген. Ал уюмга Кыргызстан чукул жардам алуу боюнча биринчилерден болуп кайрылганын жана жакынкы күндөрү бул маселе ыкчам түрдө караларын кошумчалаган.

Дүйнөдө жайылып жаткан COVID-19 вирусунан улам бир катар өлкөлөр чек араларды жаап, экономикалык ишмердик чектелди. Буга чейин кыргыз бийлиги пандемиядан улам өлкө экономикасы зыянга учурап жатканын кабарлаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG