Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:14

Кыргызстан Кытайдан коронавируска каршы гумжардам алды

«Торугарт» бекети. 25-март, 2020-жыл.
«Торугарт» бекети. 25-март, 2020-жыл.

Кытай өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн гуманитардык жардам жөнөттү. Бул тууралуу Коронавируска каршы республикалык штаб кабарлады.

Штабдын маалыматына караганда, жардамды кыргыз тарап 25-мартта Нарындагы «Торугарт» өткөрмө-көзөмөл бекетинен өткөрүп алды.

Кытай тарап медицина кызматкерлерине 10 миң респиратордук беткап, 100 миң бир жолу колдонуучу беткап, 1 миң жеке коргонуу каражатын берди. Ошону менен катар Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине 10 миң беткап өткөрүлүп берилди.

26-марттын саат эртең мененки 9уна карата Кыргызстанда коронавирус жуккан адамдардын жалпы саны - 44. Алардын алтоо реанимацияда.

25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. (RK)

XS
SM
MD
LG