Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
дүйшөмбү, 30-март, 2020 Бишкек убактысы 18:27

УКМК: Илдет тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир адам кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан дагы бир кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу 26-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Оштун 47 жаштагы тургуну Эркинбек Мырзакулов «шаардагы үйлөрдүн биринде жашаган адамдар коронавирус жугузуп алды» деген жалган маалымат тараткан.

«Мырзакулов менен профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн соң ал кылган ишинин туура эмес экенин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады. Атайын кызмат жалган маалымат жана ушак тараткандарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда», деп айтылат УКМКнын маалыматында.

23-мартта Кочкор районунун Теңдик айылынын 52 жаштагы тургуну да ушундай негизде кармалганы айтылган.

26-мартка карата Кыргызстанда коронавирус тастыкталган 44 учур катталды, алардын алтоо реанимацияда жатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG