Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

26-март: Кыргызстанда коронавирус жаңыдан жуккан киши катталган жок (видео)


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

26-мартта саат 15:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы адамдар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

18-25-мартта бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болгон, эң кичүүсү бирге толо элек ымыркай, улуусу 86да. Бейтаптардын алтоо реанимацияда жатат.

Ош облусунда бул илдет жуккан 20 киши, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда бир киши катталды.

Коронавирус жуккан болушу ыктымал деген 34 адамдын анализи таза чыкты, алар үй карантининде болот.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. Күндүз дүкөнгө, дарыканага жана банк бөлүмдөрүнө барса болот. (RK)

XS
SM
MD
LG