Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 11-апрель, 2020 Бишкек убактысы 01:19

Штаб: Кыргызстанда коронавирустун жайылышы токтоду деп айтуу эрте


Айнура Акматова.

Кыргызстанда коронавирустун жайылышы токтоду деп айтуу азырынча эрте. Бул тууралуу 26-мартта Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Адистин белгилешинче, чет жактан келип жаткандар азайды, эпидемияга каршы иш-аракеттер көрүлүп жатат, өзгөчө абал киргизилди, ары-бери каттоого тыюу салынды, бирок, ошентсе да “бул инфекцияны жеңдик деп айтуу эрте”.

Акматова ооруну жайылтпоо ар бир адамдан көз каранды экенин, өзгөчө абалдын талаптарын аткаруу зарылдыгын белгиледи.

Бул тууралуу Акматова журналисттердин "Кыргызстанда коронавирус жуккандар бир нече күндөн бери анча көбөйбөгөнү бул оору ооздукталды дегенди түшүндүрөбү?" деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

18-25-мартта Кыргызстанда бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болгон, эң кичүүсү бирге толо элек ымыркай, улуусу 86да. Бейтаптардын алтоо реанимацияда жатат.

26-мартта оору жуккан жаңы учур катталган жок.

44 адамдын 20сы Ош облусунда, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир, Баткен облусунда бир адам.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. Күндүз дүкөнгө, дарыканага жана банк бөлүмдөрүнө барса болот. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (4)

XS
SM
MD
LG