Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Элчилик: Москванын аэропортторунда топтолгон кыргыз жарандары жок


«Внуково» аэропорту. 24-март, 2020-жыл.
«Внуково» аэропорту. 24-март, 2020-жыл.

26-мартка карата Москванын аэропортторунда топтолгон кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Бишкекке каттамдар белгисиз мөөнөткө токтогондуктан аэропортто отура берүүнүн кереги жоктугу, коронавирус коркунучуна байланыштуу абайлаш керек экендиги айтылып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондон кийин алар Москвада убактылуу жашап жаткан жерине кайра кайтып кетишти.

«Саат 12.00гө карата «Домодедово» жана «Шереметьево» аэропортторунда топтолгон кыргыз жарандары жок.Транзиттик зонадагы кыргызстандыктарга да өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берилди, аларга тамак уюштурулду. Күтүп отургандардын арасында буту оорулуу адам бар экен. Аны Москвадан дарылоо маселеси каралып жатат», деди элчилик.

Элчиликтин кызматкерлери аэропортто түшүндүрүү иштерин Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен чогуу жүргүздү.

27-марттан тартып Орусияда авиакаттамдар толук токтой тургандыгы мурда кабарланган.

Буга чейин кыргыз тарап 20-марттан тартып Москва-Бишкек, Москва-Ош, Новосибирск-Бишкек багытындагы каттамдарга жумасына бир жолу учуп-конууга уруксат берилгенин кабарлаган. Бул чечим жокко чыгарылгандыгы тууралуу азырынча маалымат тарай элек.

25-мартка карата жогорудагы эки аэропортто 92 кыргызстандык Бишкекке каттам күтүп турган. (RK)

XS
SM
MD
LG