Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:13

«Дастан» заводунда жетекчи алмашты


Талант Иманов.
Талант Иманов.

Кыргызстанда стратегиялык маанидеги «Дастан» заводунун директору Таалайбек Темиралиев 23-мартта кызматтан кетип, анын ордуна милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды.

Бул тууралуу аталган заводдун расмий сайтында кабарлады. Маалыматка ылайык, Имановду Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду заводдун жетекчисинин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Эми директор кылып дайындоо боюнча премьер-министрдин буйругу чыгышы керек. Бирок заводдун расмий сайтында Талантбек Иманалиев башкармалыктын төрагасы катары көрсөтүлгөн.

Талантбек Иманов буга чейин «Дастан» заводунун коммерциялык директору болуп эмгектенип келген. Буга чейин айрым маалымат каражаттары аны 2010-жылга чейин энергетика тармагынын «көмүскө кожоюну» атыккан Алексей Ширшовдун жакын адамы деп жазып чыгышкан.

«Дастан» заводу - Советтер Союзунун убагында түптөлүп, азыркы кезге чейин иштеп жаткан бирден-бир завод. Анда «Шквал» аттуу торпеда чыгат. (BkA)

XS
SM
MD
LG