Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Өкмөт улгайгандарды иштен толук бошотуу зарыл экенин эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө абал учурунда улуу муундагы адамдарды аралыктан иштөөгө которуп же иштен толук бошотуу зарыл экенин эскертти. Бул тууралуу 26-мартта өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

«Өкмөттүн сунуштамасына карабастан айрым уюмдар улгайган адамдарды иштен толук бошотпой жатканы тууралуу маалымат түшүп жатат», деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.

Өкмөттүн бардык чечимдери адамдын өмүрү менен ден соолугуна коркунучту мүмкүн болушунча азайтууга багытталганын эскерткен премьер-министр «баарынан биринчи бул калктын аярлуу катмарына жана улуу муундун өкүлдөрүнө тийиштүү» деп айтты.

18-25-мартта Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 киши болгон, эң кичүүсү бирге толо элек ымыркай, улуусу 86да.

Бейтаптардын алтоо реанимацияда, алардын бири 71 жашта экени айтылган.

44 адамдын эң кичинеси бирге толо элек ымыркай, эң улуусу 86 жашта.

26-мартта оору жуккан жаңы учур катталган жок.

Саламаттык сактоо министрлиги ооруга чалдыккан балдардын абалы канааттандырарлык экенин билдирип, «60 жаштан жогорку курактагы адамдарга вирустун зыяны көбүрөөк таасир этет деген аныктамалар бар» деп кошумчалады.

Статистика комитети Кыргызстанда 2019-жылы пенсиядагылардын саны 500 миң алам экенин кабарлаган. 63 жаштан жогору курактагы эркектер 150 миң, ал эми 58тен жогору курактагы аялдар 349 миң. (RK)

XS
SM
MD
LG