Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:03

ЕАЭБ импорттолгон айрым товарларды бажы төлөмүнөн бошотот  


26-мартта Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) курамындагы мамлекеттердин вице-премьер-министрлери катышкан видеоконференция форматында Евразия экономикалык комиссиясынын кезексиз жыйыны өттү.

Жыйында биримдиктин өлкөлөрүнө ташылчу зарыл болгон товарларды, анын ичинде азык-түлүктү жана медициналык каражаттарды бажы төлөмдөрүнөн үч айлык мөөнөткө бошотуу макулдашылды. Жакында ал товарлардын тизмеси даярдалат.

16-мартта Евразия экономикалык комиссиясы коронавирустун жайылышынын алдын алууда колдонулуучу айрым медициналык товарлардын бажы төлөмүн төмөндөтүү же такыр алып салуу тууралуу чечим кабыл алган болчу. Ошондой эле 24-мартта ЕАЭБ коронавирус илдетинен коргонууга керек болгон медициналык каражаттарды сыртка ташып чыгууга тыюу салган.

Кыргыз тарап ички рынокто айрым медициналык каражаттардын тартыштыгын эске салып, аларды тигүүгө керек болгон чийки заттарды бажы төлөмүсүз ташууну сунуш кылды. Бул сунушту башка мамлекеттер колдоду. Кезексиз жыйын коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу ЕАЭБдеги иш-аракеттерди талкуулаш үчүн өткөрүлдү.

Биримдиктеги өлкөлөрдүн бири-бирине товар жүгүртүүсү эркин. Бажы төлөмдөрү үчүнчү өлкөдөн келген товарлардан гана алынат. Кыргызстан уюмга 2015-жылдын 12-августунда мүчө болгон. ЕАЭБде Кыргызстандан сырткары Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG