Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:55

Мугалимдер арасында эң мыкты видеосабакка сынак жарыяланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда «Cанарип педагогика» деген аталышта эң мыкты видеосабакка республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу 27-мартта Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, сынактын максаты - таланттуу жана жөндөмдүү мугалимдердин эмгегин, чыгармачыл изденүүсүн баалап, жаңы мезгилдеги алдыңкы педагогдорду коомчулукка көрсөтүп, алардын тажрыйбасын, заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын сунуш кылып, топтоп жана жайылтып, маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенциясын жогорулатуу.

Сынак үч этап менен өткөрүлөт. Биринчиси 26-марттан 2-апрелге чейин, экинчиси 2-30-апрелде жана үчүнчүсү 30-апрелден 18-майга чейин.

Конкурска менчигинин түрүнө карабастан бардык жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери өз алдынча катыша алат. Видеосабактар кыргыз жана орус тилинде болушу керек. Программага ылайык, ырааттуу, ар бир сабагы 25 мүнөттөн ашпаган, бештен кем эмес видеосабак жөнөтүлүшү зарыл.

1-орунга 50 000 сом, 2-орунга 40 000 сом, 3-орунга 30 000 сом каралууда. Мындан сырткары катышкандыгы үчүн 10 000 сомдон үч сыйлык жана башка кызыктыруучу сыйлыктар, жолдомолор берилет.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Мектептер, бала бакчалар жана жогорку окуу жайлары убактылуу жабылды. (RK)

XS
SM
MD
LG