Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 9-апрель, 2020 Бишкек убактысы 04:22

УКМК: «The Asia Times» сайты коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) коронавирус тууралуу жалган маалымат тараткан сайт боюнча сотко чейинки териштирүү баштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 27-мартта билдирди.

«Коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган мыйзамсыз иш-аракеттерге бөгөт коюу жана алдын алуу максатында Интернетте мониторинг жана талдоо жүргүзүүдө. 25-мартта чындыка дал келбеген маалыматты жарыялап тараткан «The Asia Times» маалыматтык сайты аныкталды. Бул сайт «Кыргызстанда эки адам коронавирустан каза болду» деген аталышта жалган маалымат таркатып, эл арасында дүрбөлөң түшүрүү коркунучун жараткан» деп билдирди УКМК.

Факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Жазык кодексинин 344-беренеси («Билип туруп жалган маалымат таратуу») боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кылмышка шектелип жаткан "The Asia Times" сайты УКМКнын билдирүүсү боюнча азырынча расмий комментарий бере элек.

26-мартта таратылган расмий маалымат боюнча Кыргызстанда жаңы коронавирус жуккан адамдардын жалпы саны - 44, алардын ичинен алтоо реанимацияда, каза болгондор жок.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. ​(RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

XS
SM
MD
LG