Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:53

ТИМ: «Grand Princess» кемесиндеги эки кыргыз жараны карантинден чыкты


«Grand Princess» кемеси.
«Grand Princess» кемеси.

АКШда коронавируска байланыштуу карантинге алынган эки кыргыз жаранынын анализи таза чыгып, коё берилди. Бул тууралуу 27-мартта Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, Калифорния штатынын жээгинде карантинге кармалган «Grand Princess» круиздик кемесинин бортунда жүргөн Кыргызстандын эки жараны менен 5-марттан бери тыгыз байланыш болуп турган.

Кеме карантинге кармалгандан кийин жүргүнчүлөр Жоржия штатында жайгашкан карантиндик борборго көчүрүлгөн.

«Бир нече жолу өткөрүлгөн тесттин натыйжасында карантиндик борбордун медициналык кызматкерлери кыргыз жарандарында коронавирус инфекциясы жок экенин тастыкташты», дейт элчилик.

АКШда коронавирусту жуккандар 26-мартта 85 миң кишиге жетип, дүйнө жүзүндө илдет аныкталгандардын саны боюнча биринчи орунга чыкты. (RK)

XS
SM
MD
LG