Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 13:20

27-март: Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 14 киши аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 27-марттын 14:00үнө карата коронавирус жуккан дагы 14 киши аныкталды. Алардын жетөө - Ош, жетөө - Жалал-Абад облусунда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова онлайн брифингде билдирди.

Жаңы вирус жуккан 14 адамдын ону - аял, калган төртөө - эркек. Эң кичүүсү бирде, эң улуусу 68 жашта.

Алардын бешөө - Сауд Арабиясына кичи ажылыкка барып келгендер, тогузу - мурда катталгандар менен контакт болгондор.

18-марттан 26-мартка чейин Кыргызстанда коронавирус жуккан 44 адам, алардын алтоо реанимацияда экени айтылган.

Ошентип, 27-мартка карата илдет жуккандардын саны 58 киши болду.

Алардын 27си Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда 26, Бишкекте төрт 4 (Чүйдүн Москва районунун бир тургуну борбор калаадагы Жугуштуу илдеттер ооруканасына которулган), Баткен облусунда бир адам.

Айнура Акматованын ушул эле онлайн брифингде билдиргенине караганда коронавирус жуккандардын жалпы абалы туруктуу. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандар жалпы палаталарга которулушту.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. Күндүз адамдар дүкөнгө, дарыканага жана банкка бара алат. Жумушка барчулардын уруксаты болушу зарыл. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (24)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG