Кыргызстанда коронавирус жуккандардын ичинен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн алты бейтаптын бешөө жалпы палатага которулду. Бул тууралуу 27-мартта Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, бешөөнүн арасында жандандыруу бөлүмүнө оор абалда биринчи түшкөн 71 жаштагы бейтап да бар.
Ал эми алтынчы бейтап дагы эле реанимация бөлүмүндө. Ал - Жалал-Абал облустук ооруканасында.
Акматова алты бейтаптын бирине да жасалма дем алдыруучу аппарат колдонулбаганын кошумчалады.
Кыргызстанда 27-марттын 14:00үнө карата COVID-19 вирусу жуккан дагы 14 киши аныкталды. Вируска кабылгандар 1 жаштан 68 жашка чейинки курактагылар, алардын жетөө - Ош, жетөө - Жалал-Абад облусунда. 14 адамдын ону - аял, калган төртөө - эркек.
Ошентип, 27-мартка карата илдет жуккандардын саны 58 киши болду.
Алардын ичинен 27си - Жалал-Абад облусунда , 26сы - Ош облусунда, 4 бейтап - Бишкек шаарында (Чүйдүн Москва районунун бир тургуну борбор калаадагы Жугуштуу илдеттер ооруканасына которулган), 1 киши - Баткен облусунда.
Баарынын абалын дарыгерлер туруктуу деп мүнөздөөдө. (RK)