Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Өкмөт: Айлык акы, жөлөкпул жана башка төлөмдөр өз убагында берилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирустан улам түзүлгөн кырдаал социалдык төлөмдөрдүн тартибине тоскоолдук жараткан жок. Бул тууралуу 27-мартта өткөн басма сөз жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева билдирди.

«Ушу тапта Кыргызстандын өкмөтү эмгек акы, жөлөкпул боюнча бардык төлөмдөрдү жана бюджеттин башка чыгашаларын өз убагында каржылоодо. Мындан ары да биз бул милдеттенмелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз», - деди министр.

Буга чейин өлкө жетекчилиги дүйнөдөгү коронавирус пандемиясы Кыргызстандын экономикасына терс таасир тийгизип жатканын айтып, Эл аралык Валюта Фондунан, Европа Биримдигинен, Азия өнүктүрүү банкынан жардам сураган.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин маалыматы боюнча, быйыл өлкө бюджетине 28 миллиард сом түшпөй калуу коркунучу бар. (RK)

XS
SM
MD
LG