Швейцария өкмөтү Кыргызстандын медицина мекемелерине коронавируска каршы каражаттарды өткөрүп берди. Бул өлкөнүн элчилиги кабарлагандай, 27-мартта гуманитардык жардам Чүй облустук жана Бишкек шаарынын Биринчи май райондук үй-бүлөлүк медицина борборлорунун көчмө бригадаларына тапшырылды.
Алар жалпы баасы 3 миллион сомдук эпидемияга каршы коргонуучу костюмдар, беткаптар, көз айнектер, мээлейлер, антисептиктер жана башка каражаттар менен камсыз болду.
Кыргызстанда 27-марттын 14:00үнө карата коронавирус жуккан дагы 14 киши аныкталып, жалпы саны 58 кишиге жетти.
25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. (RK)