Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-май, 2020 жума, Бишкек убактысы 13:50

Түркия эл аралык авиакаттамдарын токтотту


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, 9-март, 2020-жыл.

Түркия коронавирустун жайылышын чектөө максатында бардык эл аралык каттамдарын токтотту. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын жума күнкү билдирүүсүндө айтылды.

Эрдоган өз элине жасаган телекайрылуусунда бардык эл аралык авиакаттамдар белгисиз мөөнөткө токтотулганын жарыялады. Өлкө ичиндеги каттамдар уча берет. Аларды токтотуу аймактык бийлик органдары менен кеңешкенден кийин гана чечилет.

Түркиянын президенти белгилегендей, өлкө боюнча ооруканалар интенсивдүү дарылоо үчүн жабдыктар менен толук камсыздалган. Ошондой эле респираторлорду чыгаруу да кескин көбөйдү.

Эрдоган өз жарандарын дүрбөлөңгө түшпөй сабырдуу болууга үндөдү. 28-мартта Түркияда COVID-19 вирусун жугузуп алгандар 5700 адамга жетти, оорудан 92 киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG