Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:36

АКШ: COVID-19га чалдыккандардын саны 105 миңге чукулдады


Нью-Йорктун Таймс-Сквер аянты, 21-март, 2020-жыл.
Нью-Йорктун Таймс-Сквер аянты, 21-март, 2020-жыл.

Кошмо Штаттарда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 105 миңге чукулдап, Италия менен Кытайдан ашты.

Оору эң көп катталган Нью-Йорктун ооруканалары бейтаптарга толду. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 28-марттын таңына карата 104 миң 829 учур аныкталды. АКШда жаңы вируска кабылгандардын саны Италияга салыштырмалуу 20 миңге көбөйдү.

COVID-19 вирусу чыккан Кытайда бул көрсөткүч 82 миңдин тегерегинде.

28-марттын таңындагы маалыматка караганда, АКШда коронавирустан 1,711 киши көз жумду. Дүйнөдө бул көрсөткүч 27,373 деп белгиленди.

XS
SM
MD
LG