Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:18

Аба ырайы: жамгыр жаайт, тоолорго кар түшөт


29-мартта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18;

Баткенде түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;

Нарын облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 6…11;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 2…4, күндүз 15…17 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG