Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:24

Москвадагы аэропортто кыргызстандык кош бойлуу келин эс-учун жоготту


«Шереметьево» аэропорту. Москва.
«Шереметьево» аэропорту. Москва.

28-мартта саат 11:30да Москвадагы «Шереметьево» аэропортунда 28-29 жаштардагы Бегимай аттуу кош бойлуу келин кансырап, эсин жоготуп, аны "Тез жардам" алып кетти. Бул тууралуу ошол жерде турган Асема Чолукова аттуу мекендеш билдирди.

Ушу тапта аэропортто кармалып турган жүздөй кыргызстандык өкмөттөн алып кетүүнү суранууда.

Новосибирск шаарындагы «Толмачево» аэропортунда да кеминде 150дөй кыргызстандык Бишкекке кете албай турушат.

Буга 27-мартта күндүзгү саат 3төн кийин уча турган рейсин күтүүсүз токтоп калганы себеп болгон. Учакка ээлик кылган компаниянын өкүлдөрү кыргыз өкмөтү эл аралык аба каттамдарын чектегенин айтып, рейс токтотулганын кабарлаган.

Орусиянын өзүндө эпидемиологиялык абал курчуп баратат. Акыркы күнү аны 196 адам жуктуруп алганы аныкталды, ооруга чалдыккандардын саны миң кишиден ашты. (Lzt)

XS
SM
MD
LG