Кыргыз өкмөтү тест-система, реагенттер, тиешелүү медициналык жабдуулар, дарыгерлер үчүн коргонуу кийимдери, санитардык-дезинфекциялоочу каражаттар боюнча гуманитардык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен Кытай мамлекетине кайрылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Ошондой эле коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө тажрыйба алмашуу үчүн медициналык эксперттерди жөнөтүү жөнүндө өтүнүч билдирилди.
“Кыргыз өкмөтү Кытай мамлекетин дүйнө жүзүндө COVID-19 коронавирусу менен күрөшүү боюнча салымын жана күч-аракеттерин жогору баалап, оор учурларда колдоо жана жардам көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирет”, - деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусунда.
Буга чейин Кытай өкмөтү Кыргызстанга коронавируска каршы күрөш үчүн гуманитардык жардам жөнөткөн. Кытай тарап Кыргызстанга медицина кызматкерлерине 10 миң респиратордук беткап, 100 миң бир жолу колдонуучу беткап, 1 миң жеке коргонуу каражатын берди. Ошону менен катар Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине 10 миң беткап өткөрүлүп берилген. (TSh)