Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:51

Орусиянын эки олимпиада чемпиону кызытмага шек саналып жатат


Орусиянын Жеңил атлетика федерациясын жетектеген Андрей Сильнов, 7-февраль, 2017-жыл
Орусиянын Жеңил атлетика федерациясын жетектеген Андрей Сильнов, 7-февраль, 2017-жыл

Орусиянын төрт спортчусу, анын ичинде Олимп оюндарынын эки чемпиону кызытмага шек саналып жатат. 2008-жылкы Бээжин олимпиадасында алтын медаль уткан, бийиктикке секирүүнүн чебери Андрей Сильновго жана 2012-жылкы Олимп оюндарынын чемпиону, 400 метрге чуркаган Наталья Антюхка тыюу салынган заттарды же ыкманы колдонгон деген айып тагылды.

Допингге каршы эл аралык агенттик (WADA) жалдаган эксперт Ричард Макларен Орусиянын допингге каршы агенттигинин – РУСАДАнын ишмердигин текшерген. Анын негизинде орусиялык спортчуларга айып тагылды. Бул тууралуу 27-мартта Атлеттердин биримдик уюму билдирди.

Орусиянын Жеңил атлетика федерациясын жетектеген Сильнов былтыр июнда эл аралык уюмдун иликтөөсүнөн кийин кызматтан кеткен.

Кызытмага шек саналган калган эки спортчу – орто аралыкка чуркаган Елена Соболева жана салмоор таш ыргытуучу Оксана Кондратьева.

Эми спортчулардын ишин Эл аралык спорттук арбитраждык сот карайт. Бирок качан карай турганы белгисиз.

XS
SM
MD
LG