Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Депутат менчик ооруканаларга коронавирусту аныктоого уруксат берүүнү сунуштады


Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев Кыргызстандын аймагындагы бардык жеке менчик медициналык мекемелерге коронавирусту аныктоого уруксат берүүнү сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, жеке менчик лабораторияларга жана ооруканаларга вирусту аныктоочу тесттерге мүмкүнчүлүк берилсе, илдетти ооздуктоого салым кошмок. Ал менчик ооруканаларда тийиштүү шарттар бар экенин белгиледи.

Нурбаев бул демилгени вице-премьер-министрлер Эркин Асрандиев жана Алтынай Өмүрбековага сунуштаганын бирок, жооп ала электигин кошумчалады.

Кыргызстанда 28-марттагы маалыматка ылайык, коронавирусту аныктоо үчүн 11 миң 134 тест жүргүзүлгөн. Кыргызстанда 28-мартта саат 14:00гө карата коронавирус жуккан жаңы учур катталган жок. Буга чейин Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталган. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда. Экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы өтө оор эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG