Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:40

Орусия 30-марттан тарта чек арасын жабат


Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, 25-март, 2020-жыл.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, 25-март, 2020-жыл.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин өлкөнүн бардык чек араларын 30-марттан тарта жабууга буйрук берди. Бул тууралуу өкмөттүн сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, Орусиянын чек арасындагы автожол, темир жол, жөө жана дарыя аркылуу өткөн кыймыл-аракеттин баары токтойт. Орус-беларус чек арасындагы өткөрмө бекеттери да жабылат.

Дипломаттарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, поезддердин кызматкерлерине жана кемелердин экипаждарына, Украинанын чыгышындагы жикчил республикалардын тургундарына бул чектөө таасир этпейт.

Чектөө Орусиянын аймагы аркылуу өтүп бараткан Көз карандысыз шериктештикке кирген өлкөлөрдүн, жикчил Түштүк Осетия жана Абхазиянын жарандарына да таасир этпейт.

Орусия буга чейин өз чек арасын чет элдик жарандарга жаап, авиакаттамдарды токтотконун расмий жарыялаган. (Ага карабай Москвадан башка өлкөлөргө учактар каттап жатат).

Орус өкмөтү өлкө ичинде авиа жана эл ташыган темир жол каттамдарын токтотууну караштырып жатканы маалым болду. Бул тууралуу РИА-Новости, «Интерфакс» жана РБК агенттиктери жазып чыкты.

Орусияда эпидемиологиялык абал курчуп баратат. Cоңку күнү 196 адам коронавирус жуктуруп алса, ага чалдыккандардын саны миң кишиден ашты.

XS
SM
MD
LG