Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

ИИМ: өзгөчө абал кирген төрт күндө миңге жакын адам тартип бузду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

29-мартта коменданттык саат тартибин бузган 150 адам кармалды. Алардын ичинен 115 адам Бишкек шаары, 15и Ош шаары, сегизөө Жалал-Абад шаары, бирөө Сузак району, бирөө Ноокат району, 10 адам Кара-Суу району боюнча райондук ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Кармалгандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коменданттык сааттын аякташы менен бошотулушту. Төрт күндүн ичинде өлкө аймагында 939 жаран коменданттык саатты бузганы үчүн кармалган.

Ички иштер министрлиги өзгөчө абалдын талаптарын бузбоого чакырат. Милиция тартип бузгандар коменданттык саат аяктаганча кармалып, ал эми жанында тек жайын аныктаган документи болбосо үч күнгө чейин камаларын эскертет.

25-марттан 15-апрелге чейин коронавируска байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди. Бул аралыкта аталган аймактарда коменданттык саат учурунда (кечки саат 8ден таңкы 7ге чейин) көчөдө адам да, автомашиналар да жүрбөшү керек. (TSh)

XS
SM
MD
LG