Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:55

Президент жана өкмөт башчы өлкөдөгү абалды талкуулашты

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугуп, коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына жайылышына жол бербөө чаралары жана экономикага тийгизген кесепеттерин азайтуу боюнча өкмөттүн анантикризистик планын талкуулашты.

Президент бул кырдаалда биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, макроэкономикалык абалды жолго коюу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү керек экенин белгиледи. Өкмөт башчы чакан жана орто бизнести колдоо, антикризистик чаралардын ишке ашырылышы жөнүндө айтып берди.

Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккан 58 адам аныкталган. Алар Бишкек шаарынын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ооруканаларында дарыланууда. Алардын экөө жандандыруу бөлүмүндө жатат, абалы өтө оор эмес. (TSh)

XS
SM
MD
LG